Депутаттар шайлоо босогосун төмөндөтүү жана күрөөнү кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун колдошту
Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралды.
Депутаттар шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү, форма №2 документин алып салуу, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1млн сомго төмөндөтүү каралды.
Жыйынга 62 депутат катышып жатканы жана 11 депутат ишеним кат калтырганы маалым болду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Добавить комментарий ×