Депутаттар өлчөө каражаттарын текшерүү мыйзамын карашты

29 январь 2020 11:33 966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. 

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. 

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн туура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоо үчүн иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен текшерүүчү лабораториялардын компетенттүүлүгүн тастыктоо, өлчөө каражаттарын мыйзамдаштыруу, жүргүзүлгөн метрологиялык сыноо иштеринин жыйынтыктарын таануу маселелери чечилет. Колдонуудагы мыйзамдын 10-беренесине ылайык, өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча иштерди Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору жүргүзөт. 

Өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча мыйзамдагы боштуктун ордун толуктоо үчүн мезгилдүү текшерүлүүдөн башка керектүү убактарда “кезексиз текшерүү” деген метрологиялык терминди киргизүү керек, себеби, өлчөө каражаттары оңдотуудан кийин өлчөө каражаттары эксплуатацияга берүү үчүн кезексиз текшерүүдөн өтүүсү зарыл, андан тышкары, текшерүүчү мекемелердин өткөрүлүүчү иш-чараларынын негизинде аныкталган жараксыз өлчөө каражаттары, же болбосо өлчөө каражаттарынын көрсөтмөлөрүнө шек жаралган убактарда ошол өлчөө каражаттары кезексиз текшерүүгө жиберилет.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-lch-karazhattaryn-teksher-myjzamyn-karashty



Добавить комментарий