Депутаттар “Кумтөр” боюнча отчетту угуп, өкмөттү колдоду

25 июнь 2019 18:31 1565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана кенди пайдалануу комитети «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен келишим боюнча өкмөттүн отчетун колдоду. Бул тууралуу анын төрагасы Кожобек Рыспаев маалымдады.  

Алтын кени боюнча келишим тууралуу өкмөттүн талкуусу менен планы жөнүндө кеңири айтылган жок, ошондой эле жыйын жабык эшик артында өттү.   

Эскерте кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 2015-жылдын 26-февралындагы жана 25-июндагы “Кумтөр” долбоорунун ишмердигине байланышкан токтомдорун жана 2017-жылы 11-сентябрда «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен өкмөттүн ортосунда кол коюлган Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин аткарылышы боюнча депутаттардын суроолоруна жеке өзү жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kumtr-boyuncha-otchettu-ugup-kmtt-koldodu



Добавить комментарий