Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары президентке импичмент жарыялоону талкуулашты
Бүгүн, 7-октябрда кечинде Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары чогулуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулап жатышат. Алар президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселесин талкуулап, жаңы премьер-министрди жана, балким, парламенттин спикерин шайлоону карашты.
Белгиленген убакка төмөнкү депутаттар чогулушту:
1. Мыктыбек Абдылдаев 6-октябрда “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага болуп дайындалган;
2. Эльвира Сурабалдиева;
3. Асель Кодуранова;
4. Абдывахап Нурбаев;
5. Бахадыр Сулейманов;
6. Дастан Бекешев;
7. Максат Сабиров;
8. Эмиль Токтошев;
9. Кенжебек Бокоев;
10. Каныбек Иманалиев;
11. Мирлан Жеенчороев;
12. Наталья Никитенко;
13. Альфия Самигуллина;
14. Руслан Казакбаев;
15. Анвар Артыков;
16. Садык Шер-Нияз;
17. Рада Туманбаева;
18. Айнура Осмонова;
19. Тынчтык Конушбаев жана бир нече депутаттар чогулушту.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Бир топ саясатчылар абактан бошотулган. 6-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештеги коалициянын кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитишкен.
Добавить комментарий ×