Депутаттар жыйынга чогулуп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин карашат
Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саат 10:30да Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулушат.
Күн тартибинде, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралары күтүлүүдө.
Ошону менен катары эле, шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунушташууда.
Ошондой эле, шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүү сунушу киргизилет.
Мындан тышкары, шайлоонун жүрүшүндө күмөн жараткан форма №2 документин алып салуу маселеси да каралары айтылууда.
Добавить комментарий ×