Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 13-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевди төрага кылып шайлашты.
Депутаттар жашыруун добуш берүү менен Жогорку Кеңештин төрагалыгы кызматына Канат Исаевди дайындашты.
Жыйынтыгында, Канат Исаевдин талапкерлигин 78 эл өкүлү жактырып, 2 депутат каршы добуш бергени маалым болду.
Буга чейин, 10-октябрда, Мыктыбек Абдылдаев төрагалык кызматка шайланганына үч күн болгондон кийин, кайра кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/deputattar-kanat-isaevdi-tragalyk-kyzmatka-shajlashty
Добавить комментарий ×