Депутат Жаныбек Бакчиев Жети-Өгүз районуна рентген апарат жана башка жабдууларды берди
Жүз миңден ашуун калк жашаган Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы оорукана райондогу бирден-бир саламаттыкты сактоо жайы болуп эсептелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Өздөрүнө тиешелүү дары-дармек, медициналык аспаптарды алып турушканы менен медициналык тейлөөнүн сапатын мындан да жакшыртууга багытталган мүмкүнчүлүктөрү төмөн. Айрыкча, дартты аныктоодо, оорулууларды ашыкча убара кылбай жаткан жеринде рентгенге тартууда жетишпеген жагдайлар арбын. Айрым бир илдетке чалдыккан адамдарды Бишкекке, Алматыга же андан ары жиберүүгө аргасыз болгон учурлар да жок эмес.
Ага ылайык, аз да болсо мына ушул жагдайды жеңилдетүү максатында депутат Жаныбек Бакчиев Жети-Өгүз райондук жалпы тажрыйбалык-дарылоо борборуна, мекеменин директору менен кеңешип керектүү жаңы үлгүдөгү чет элдик медициналык жабдууларды алдырып келип берди. Анын ичинде төмөндөгүлөр бар:
1.Мобилдик рентген аппараты:Siemens-ПН-1 даана (Европа)
2.Префузиялык ПН сордургуч-3 даана (АКШ)
3.Негатоскоп-1 даана (Европа)
4.Калибирлөө үчүн фантом-ПН (Швеция)
5.Стерилденген атайын костюмдар-25 таңгак (Кытай)
Албетте, баасы кымбат мындай жабдууларды алууга аталган оорукананын азырынча мүмкүнчүлүгү жок болчу. Оорукананын жетекчиси Канат Жумадыловдун айтканына караганда аталган жабдуулар медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртууга чоң жардам болот. Айрыкча, коронавирус илдети жайылуу коркунучу маалында бир жолу колдонулуучу атайын костюмдардын берилип жатканы дарыгерлердин жүгүн кыйла жеңилдетип койгон.
Жергиликтүү эл депутаттын жардамына терең ыраазычылык билдиришип, буга чейин да үзгүлтүксүз жардам берип, элдин өтүнүчүн дайыма аткарып келатканын баса белгилешти.
Добавить комментарий ×