Депутат: өз кызын зордуктаган ата сөөрөйлөрдү өлүм жазасына тартуу керек
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча жазаны күчөтүү керектигин айтты.
Бүгүн депутаттар “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал биринчи окууга киргизилет.
"Энесиз калган өз кызын зордуктаган атага өтө катаал жаза берүү зарыл, керек болсо өлүм жазасына тартылсын, же өмүр бою кесилсин", — деди депутат.
Ал ошондой эле, аялын өлгүчө сабап, үй-бүлөсүнүн талаалап кетишине жеткирген эркек киши өтө катаал жаза алышы керектигин кошумчалады.
Эл өкүлү Кыргызстанда арак ар кайсы жерде ээн-эркин сатылып жатканын айтып, балким зомбулуктун тамыры ушул жакта болуп жүрбөсүн деген шек саноосун билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-z-kyzyn-zorduktagan-ata-srjlrd-lm-zhazasyna-tartuu-kerek
Добавить комментарий ×