Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамырдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөттү

2 апрель 2020 13:04 1238 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөнүндөгү аз камсыз болгон 200 үй-бүлөөгө 10 тонна ун жана май таратты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу багытында Суусамыр өрөөнүндө да тиешелүү иштер жасалып, аймактагы беш айылдын калкынын саламаттыгын коргоо жаатында атайын аракеттер көрүлүүдө.

Табияты катаал аймакта жашаган элдин абалынан кабар алган депутат Тынчтыкбек Конушбаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, аталган эл өкүлү 20 жылга чукул убакыттан бери Суусамырга туруктуу демөөрчү катары көмөк көрсөтүп келет. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен элет элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлорду колдоп, жигердүү жаштарды өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну адатка айланткан.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tynchtykbek-konushbaev-suusamyrdagy-az-kamsyz-j-bllrg-kmk-krstt



Добавить комментарий