Депутат Тынчтык Шайназаров: 1570 эшектин терисинин эти каякта?

4 апрель 2019 15:02 1923 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеште чуулгандуу эшек темасы кайрадан көтөрүлдү. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаров Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып өзүнүн талабын койду.

“Мен көтөрө турган маселе-баягы эле Мадыдагы эшек фермасы. Бир ай мурда өкмөттүн намысын ойготконго аракет кылдым, бирок түшүнбөдүңөр окшойт. Бул маселени тогуз айдан бери көтөрүп келе жатам. Жабабыз деп сөз беришкен, бирок тилкке каршы жабылган жок. Эмне себептен мындай болгонун тактаганга аракет кылдым. Бир ай мурда  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калыс Жумаканов бул мыйзамдуу эмес деп айткан. Изилдеп чыксам көрсө ушул бизнестин башында Калыс Жумаканов турат экен. Мен буга тийиштүү бут документтерди алдым. Финансы полициясынан дагы документтерди алдым. Мындай тыянакка келгенимдин себеби 22-январда Бажы кызматы Кытай менен чек арада аткезчилик менен ташылган жүктү кармаган. Унааларды ачканда 27 миң ондатыр териси, 1570 эшектин териси чыккан. Документтерди карап көрсөк Мамлекеттик ветеринардык кызматынын актысына таянып жүктү алып бара жатышкан, ал жерде “биз ачтык, көрдүк, 16 миң ондатырдын териси бар” деп акты түзүп беришкен. Жумаканов өзү  “Токойлуу-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун жүгүн туура деп, 40 миң ондатыр ташууга уруксат берип кол койгон. Иш жүзүндө текшере келгенде 1570 даана же 11 тонна эшектин териси чыгып жатат. Эми мен Ашырбек Мойдунович сизге суроо берейин Кыргызстанда 40 миң ондатыр барбы? Ал каяктан келген? Эң негизги суроо 1570 эшектин терисинин эти каякта? Анын жок кылынганы жана көмүлгөнү тууралуу акты каякта? Каржы полициясында бул иш тергелүүдө. Буга чейин суранып келсем, бүгүн талап кыламын Ветеринардык кызматтын жетекчилиги кылмыш жообуна тартылсын. Учурда тергөө жүрүп жаткан маалда жумуштан бошотулсун”,-деп айтты депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tynchtyk-shajnazarov-1570-eshektin-terisinin-eti-kayakta



Добавить комментарий