Депутат тажик генералынын Баткен облусу тууралуу айткандарына баа берүү керектигин талап кылды

20 февраль 2020 10:08 753 1 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев тажик генералынын Баткен облусу тууралуу айткандарына тышкы иштер министрлиги баа берип, эл аралык мыйзамдардын алкаганды чараларды көрүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

"Тажик генералынын кайрылуусу тышкы иштер министрлигине тиешелүү, аны угуп гана коюу туура эмес дейм, мунун артында көп нерсе жатат. Ага сиздер баа беришиңиздер керек. Бул сөз жөндөн-жөн айтылган жок деп ойлойм. Өзүңүздөрдүн тийиштүү укуктарыңыздар менен эл аралык мыйзамдардын негизинде дагы талап кылышыңыздар керек. Андай жерде андай жетекчилердин иштеши делимитация, демаркация болуп жаткан жерде иштеши болбойт", — деди ал.

Эске салсак, буга Тажикстандын бир катар ЖМКлары менен интернет басылмалары 13-февралда Согди облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп кайта дайындалган милициянын генерал-майору А.Навджувоновдун “Эгер тарыхты карай турган болсок Баткен кыргыздардын жери болгон эмес” деген материалды жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tazhik-generalynyn-batken-oblusu-tuuraluu-ajtkandaryna-baa-ber-kerektigin-talap-kyldy



Добавить комментарий