Депутат: шайлоочулардын добушун сатып алгандарга 18 миң сом айып салуу аздык кылат

11 март 2020 15:00 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламентте “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бузуулар жөнүндө кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине, Административдик-процесстик кодексине”)” Мыйзамдын долбоору каралды.

Жогорку Кеңештин депутат Марлен Маматалиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы айып пулдарды карап чыгуу маанилүү экенин айтты. Себеби, ал өзү тууралуу жалган маалымат берген талапкерге 20 миң сом айып салуу туура эмес экенин, мындай учурда жазаны катуулатуу керектигине токтолду.

“Туура эмес маалыматтарды берген талапкерге 20 миң сом айып каралган. Башка мамлекеттин жарандыгы бар экени чыгып калган учурларды билебиз. 20 миң сом айып төлөп койгон туура эмес”, — деди ал.

Демилгечилердин бири Аида Исмаилова депутат Маматалиевдин сунуш берүүнү өтүнүп, аны жумушчу топ карап чыга турганын билдирди.

Өз кезегинде Маматалиев катуу чараларды көрүү керектигин айтты.

“Менимче бул абдан маанилүү, депутат, президент болом деген киши баарын алдап барып, туура эмес маалыматтарды берип жатса, ал жөн гана айып пул төлөп калбаш керек. Керек болсо катуураак чара көрөлү”, — деди ал.

Маматалиев шайлоочулардын добушун сатып алган учурларга 18 миң сом айып каралганын айтып, бул аз экенин баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-shajloochulardyn-dobushun-satyp-algandarga-18-mi-som-ajyp-saluu-azdyk-kylat



Добавить комментарий