Депутат: Мончодогу эркек баланын зордукталышы тууралуу кылмыш иши кайра иликтениши керек

27 январь 2021 12:27 6258 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Айсулуу Имашова мончодогу өспүрүм эркек баланын зордукталышы тууралуу ИИМ коомчулукка так маалымат бериши керектигин айтты.  Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамашова Ички иштер министрлигинен баланын зордукталгандыгы тартылган видеотасмадагы маалыматты дагы бир жолу текшерип чыгууну өтүндү.

«Сиздер бул окуя Алтайда болгонун айтып жатасыздар. Бирок, экинчи тарап бул окуя Алтайда болбогонун маалымдашты. Ооба, бул жерде эки элдин тилдери окшошуп кетет экен. Бирок, байкасаңыз, бала кыргызча сүйлөп жатат. Мен бул окуянын тыкыр иликтенишин каалайм. Дагы бир жолу иликтеп көрүшүңүздөрдү өтүнөм. Алтай Республикасында болгон окуянын видеосу жок экенин аталган өлкөнүн күч түзүмдөрү айтып жатышат. Бул өтө орчундуу көйгөй. Мындай фактылар күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгын өзүңүз түшүнүп турасыз. Биз балдарыбызды коргошубуз керек, бул биздин эң биринчи милдетибиз ”, - деди ал Ички иштер министринин орун басарына кайрылып.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда эркек эркекти зордуктады деген видео тарап, коомчулуктун катуу талкуусуна айланган.

Видеодон жаш жигит өзүнөн бир топ кичүү башка бирөөнү күч колдонуп зордуктап жатканын көрүүгө болот. Видео мончодо тартылганы, андагы адамдар кыргыз тилинде сүйлөп жатканы байкалат.

Ал эми, ИИМ жашы жете элек өспүрүмгө мончодон күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай Республикасынын  Кош Агач районунда болгонун кабарлаган

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-monchodogu-erkek-balanyn-zorduktalyshy-tuuraluu-okuya-kajra-iliktenishi-kerek



Добавить комментарий