Мончодон эркек бала жаш баланы зордуктады деген окуя тууралуу Орусиядан расмий жооп келди

26 января 2021 15:15 2728 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашы жете элек өспүрүмгө мончодон күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай Республикасынын  Кош Агач районунда болгон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 24-январь күнү социалдык тармактарда тараган мончодогу видео боюнча комментарий берип, окуя Кыргызстандын аймагында болбогондугун айткан. 

"Бул окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары  жүргүзүлүп жаткан.  Анын үстүнө окуя тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган  жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, башка жарандарды күнөөлөгөн  такталбаган  маалыматтар, аудиолор  да тарап кеткен. Ошондо биз бул окуя Кыргызстанда болбогондугун, видео бир же эки жыл мурда тартылышы мүмкүн экендигин билдиргенбиз.  Аталган видеороликтеги окуя  Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталган. Күнөөкөр жоопкерчиликке тартылган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүн жибергенбиз.  

Бүгүн, жооп келди. Анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө  “WhatsApp”  мессенджеринде  белгисиз жигитке карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан.

Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан  жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош Агач айылында  (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде)  жашы жете элек  “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “К” карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган.  Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасы боюнча Тергөө Комитетинин Тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Россия Федерациясынын  Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата  жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер)  боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек “Р”  ички иштер органына  жеткирилип, Россия Федерациясынын жаза проссецуалдык Кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катары эле, 2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши  Кош Агач райондук сотуна  жиберилгени маалым болду. 

Бул окуя коомчулукту дүрбөлөңгө салып, көпчүлүк кылмышкерди кармап, катуу жаза берилишин талап кылышкан. 


Ссылка: https://barometr.kg/monchodon-erkek-bala-zhash-balany-zorduktady-degen-okuya-tuuraluu-orusiyadan-rasmij-zhoop-keldi



Добавить комментарий