Депутат Маматалиев калктын банктан алган насыяларынын пайыздарын бюджеттен төлөөнү сунуштады
Бүгүн, 8-июнда парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Марлен Маматалиев калктын банктан алган насыяларынын пайыздарын бюджеттен төлөөнү сунуштады.
“Азыр коронавирустук пандемиядан улам, көпчүлүк насыя алуучулар коммерциялык банктардан алган насыялары боюнча убагында төлөй албай жатышат. Өкмөт банктарга төлөмдү 3 айга жылдырууга сунуш кылды. Ошол эле учурда насыялардын пайыздык үлүшү дагы деле сакталууда. Учурда аларга төлөөгө каражат жок болуп жаткандыктан, колдоо керек. Каржы комитетинин депутаттары болбосо, аларга ким жардам берет? Бизде доллардын курсу 85 сомго барабар болгон учурга ылайыкталган 4 миллиард сом өлчөмүндө тышкы карызды төлөөгө бюджеттен каражат бар. Бирок азыр валюта курсу 73 сомду түзүүдө, демек, айырма 348 млн сомго жакын. Бул акчаны калк алган насыялар боюнча пайыздарды төлөө үчүн колдонсо болот. Ипотекалык насыялар жөнүндө сөз болуп жаткан жок ” - деп сунуштады депутат.
Комитеттин башка мүчөлөрү да Марлен Маматалиевдин сунушун колдошту.
Добавить комментарий ×