Депутат майыптарга коляска алуу үчүн каралган акчаны алардын өзүнө берүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коляска алуу үчүн каралган акчаны алардын өзүнө даректүү берсе жакшы жыйынтык болмоктугун билдирди.
Бүгүн, 13-февралда, Жогорку Кеңеште пленардык жыйын болуп, биринчи маселе болуп "ар кандай" маселелер каралды.
"Жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинде 29 миллио сом 2 миңдей майыптар үчүн коляска алууга каралат. Тендер болуп сапатсыз коляска алынат. Балким башка мамлекеттердегидей кылып, ошол акчаны майыптардын өзүнө берели. Ал кымбатын алгысы келсе өзүнүн ачасын кошуп алсан, эгер башканы алгысы келсе ошону алсын, тандоо болушу керек", — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-majyptarga-kolyaska-aluu-chn-karalgan-akchany-alardyn-zn-bern-sunushtady
Добавить комментарий ×