Депутат Кумтөр кени боюнча жаңы макулдашууга байланыштуу маалыматтар берилбей жатканын айтты

18 октябрь 2018 10:25 651 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кумтөр кениндеги жаңы макулдашуу боюнча маалыматтар берилбей жатканын айтты. Эл өкүлү буга байлануштуу өкмөттүн өкүлүнө кайрылып тиешелүү маалыматтарды берүүнү сурады.

“2017-жылы сентябрда өкмөт башчы Кумтөр кени боюнча “Centerra Gold Inc” менен макулдашууга кол койду. Бирок ошол макулдашуу бизде жок. Көп депутаттар аны билбейт экен. Ушул жылы премьер министр бул макулдашуу кайра каралат деп айткан болчу. Бирок бул маалымат ошол бойдон бизге берилбей жатат. Азыр бул макулдашуу боюнча эмне иштер жүрүп жатат, Алар онкологиялык борборго акча беребиз дешкен, тазалык үчүн акча беребиз дешкен бирок акча түшө элек. Учурдагы сүйлөшүүлөр боюнча бизге маалыматты берсеңиздер”, - деди Бекешев.  

Белгилей кетсек, 2017-жылы Сапар Исаков башында турган өкмөт “Centerra Gold Inc” менен жаңы келишимге кол койгон. Бул келишимде Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү азайып кеткени айтылып, бул Исаковдун кызматтан кетишине негизги себептердин бири болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kumtr-keni-boyuncha-zhay-makuldashuuga-bajlanyshtuu-maalymattary-berilbej-zhatkanyn-ajtty



Добавить комментарий