Депутат коронавирустан улам тендерлерди токтотуп турууга чакырды

12 март 2020 09:46 604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев дүйнөнү каптап жаткан коронавирустун таасири Кыргызстанга дагы көмүскө түрдө болсо дагы тийип жатканын айтым, мисал катары доллардын курсунун өсүп кетишин келтирди.

“Азыр коронавирус көптөгөн мамлекеттерге жайылып, анын кесепети бизге дагы тийип жатат. Мына сомдун курсу олку-солку болуп жатат. Өкмөттүн бул жаатта алып барып жаткан иши болбойт. Алар бардык нерсени сарамжалдуу кармоого өтүшү керек. Тендерлерди токтотуу керек. Болгону өтө зарыл гана болгон дары-дармектерди алууга гана өткөрсүн”, — деди ал.

Бекешев андан сырткары валюта рыногундагы абалды туруктуу кармоо үчүн Россия менен болгон соода-сатыкты улуттук валютада жүргүзүү керектигин сунуштады. Ушундай болгон учурда гана соода-сатыкта долларга көз карандылык болбойт.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-koronavirustan-ulam-tenderlerdi-toktotup-turuuga-chakyrdy



Добавить комментарий