Депутат: коронавирустан дагы паника деген вирус жаман
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөткө коронавирус боюнча маалыматтарды саат 11де, же саат экиде дебей онлайн режимде иштеген борбор ачууну жалпы жыйында сунуштады.
“Коронавирустан дагы панике деген вирус жаман. Өкмөт онлайн маалыматтык борборлоруңарды ачык койгула. Эл ошол жактан онлайн түрүндө маалымат алып турсун”, — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус табылганын маалымдап, элди паникага алдырбоого чакырган.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-koronavirustan-dagy-panika-degen-virus-zhaman
Добавить комментарий ×