Депутат “Коопсуз шаар” долбоорун жетектеген Бакыт Шаршембиевге 9 кылмыш иши козголгонун айтты

18 октябрь 2018 11:00 904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парлементтин жыйында депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” долбоорун жетектеген Бакыт Шаршембиевге 9 кылмыш иши козголгонун айтты.

“Козголбой турган сөз эле, козголуп кетти өзү эле “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кобурап, анан кодулап коёюн дедим. Эмне үчүн бир жылга жетпеген убакта тендер эки жолу  шылдың болду. Мындайча айтканда өкмөт элдин алдында эки жолу шылдың болду дегенди билдирет. Эмне үчүн 7 жылдан бери бул долбоор ишке ашпай келет. Мунун купуясы жок. Бул жемкорлук. Тендердин кыргызча айтылышы теңбер да. Бергендер теңин бер дейт, алгандар кемин беребиз дейт. Ошентип келише албай эки ортодо элдерге шылдың болдук. Акыркы тендер эмне үчүн акмакчылык болду. Өкмөттү ат койгон жагынан да карасаңыздар, былтыркысы “Акылдуу шаар” болчу, мунусу “Коопсуз шаар” Акылдуу шаарыңар айнып кетти, “Коопсуз шаарыңар” жоопсуз жаар болуп калды. Кыргызча эле башкача ат койсоңор болбойбу төрөлө элек балага ат коюлбайт.  Мамлекеттик технологияларды жетектеген кишини өкмөткө айттым эле беш кылмыш иши бар кишини ушуга дайындап жатасыз деп. Коопту кызматка жоопсуз кызматкерди дайындап жатасыз дегем. Мен маалымат алдым Бакыт Шаршембиевдин  9 кылмыш иши бар экен” - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-koopsuz-shaar-dolboorun-zhetektegn-bakyt-sharshembievge-9-kylmysh-ishi-kozgolgonun-ajtty



Добавить комментарий