Депутаттын коомдук жайларда, балдар бар жерде жана транспортто чылым чегүүгө тыюу салуу демилгеси каралды

16 октябрь 2018 16:35 1573 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн депутат Айнуру Алтыбаева жана Нурбек Алимбековдун коомдук жайларда, балдар бар жерде жана коомдук транспортто чылым тартууга тыюу салуу демилгеси боюнча тегерек стол болуп өттү.

Талкууга Өкмөттүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

  Бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөш жөнүндө Алкактык конвенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден-соолугун чылымдын таасиринен коргоонун коомдук мамилелерин жана укуктук негиздерин жөнгө салат. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында бул  мыйзам долбоору кабыл алынса коомдук жайларда, балдар бар жерде жана коомдук транспортто чылым тартууга тыюу салынат, ошондой эле өлкө аймагында тамеки керектөөнүн жайылышын  туруктуу төмөндөтүүгө шарт түзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-koomduk-zhajlarda-baldar-bar-zherde-zhana-transportto-chylym-chegg-tyyuu-saluunu-sunushtady



Добавить комментарий