Дүйнө кызыктары. Чиркөөдөгү шамга чылым тамызам деп сот жообуна тартылган жаран

28 август 2020 11:21 814 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чиркөөдөгү шамга чылым тамызган деген айып тагылып Забайкалье крайынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Интерфакс агенттигине шилетеме берип “Барометр” котрду.

Маалыматта, Забайкалье крайынын жашоочусу Читадагы чиркөөлөрдүн биринен шамдан чылым тамызганын өзү видео тасмага тартып алып, соц тармакка жүктөгөнү айтылат.

Көп өтпөй эле жаш жигиттин бул кылыгы соц тармакта элдердин нааразычылыгын жаратып, күч органдарынын көңүлүн бурдурган.

Россиянын тергөө комитети Читанын 2002-жылы туулган жараныны кармалып, РФнын Жазык кодексинин  2 ст. 148-беренеси (коомго жана динге ишенген адамдарды шылдың кылуу)  менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/djn-kyzyktary-chirkdg-shamga-chylym-tamyzam-dep-sot-zhoobuna-tartylgan-zharan



Добавить комментарий