Депутат Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен контрабанда бир тууган экенин билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коронавирус менен контрабанда бир тууган экенин айтты. Анын ырасташынча, экөө тең элге зыян алып келип жатат.
“Коронавирус бул чатагыраак оору экен. Карасам коронавирус менен контрабанда бир тууган экен. Себеби, булар элге зыян кылат экен, бирөө өпкөдөн кармаса, экинчиси жалпы жонунан кармайт экен. Азыркы мезгилде бизде баары жакшы болуп калды дебей, дарыгерлердин айтканын айткандай, дегинен дегендей 1-2 ай сакташ керек”, — деди депутат.
Жолдошбеков андан сырткары коронавирус учурунда депутаттар дагы жакшы иштегенин белгелеп өттү.
“Коронавирус бизди өлкөдө кичине азайып жакшы болуп баратат. Бул жерде биздин депутаттардын иштеген иштери жакшы болду. Өздөрүнүн округдарына ишкерлер менен барып элге жардам беришти. Муну айта кетиш керек”, — деди ал.
Кыргызстанда коронавирус илдетинен улам өзгөчө кырдаал сакталып, айрым ири шаарларда карантиндик-санитардык нормалар сакталууда.
14-майга карата оору жуккандардын саны 1082 кишиге жетти.
Добавить комментарий ×