Исаев: Аттиң! Алижан Ибрагимов калкка өз өмүрү менен өрнөк болгон чыныгы мекенчил уул эле
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев белгилүү ишкер, Кыргызстанда “Граф” деген каймана аты менен таанымал Алижан Ибрагимовдун жакындарына көңүл айтып, чыныгы мекенчил уулубуздан айрылдык деди. Бул тууралуу Исаевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Белгилүү коомдук ишмер Алижан Ибрагимовдун мезгилсиз дүйнөдөн өтүшү бул биздин эл үчүн чоң жоготуу болду. Анын каза болушу бизди жана аны таанып билгендерди терең кайгыга салды. Анткени анын эмгеги Токмок эли үчүн ат көтөргүс баалуу. Эл арасында жүрүм туруму, жасаган кайрымдуулук иштери менен элге өрнөк боло алган. Ошондой эле ал үй-бүлөдө камкор жана үлгүлүү ата болууга жетишти. Жаштарды билимге умтулуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, татыктуу жашоого үндөп дем күч бере алды. Биз эми калкка өз өмүрү менен өрнөк болчу чыныгы мекенчил уулдан айрылдык.
Маркумдун жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына көңүл айтабыз”, - деп жазды Исаев.
Эскерте кетсек, Алижан Ибрагимов кече, 3-февралда Бельгияда каза болгон. Ал коронавирусту Казакстандан жугузуп алып, Бельгияга дарыланууга кеткен.
Айрым маалымат булактары, ишкердин сөөгү өзү чоңойгон Токток шаарында жерге берилерин кабарлашты.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kalkka-z-mr-menen-rnk-bolchu-chynygy-mekenchil-uuldan-ajryldyk
Добавить комментарий ×