"Граф" каймана аты менен белгилүү Токмоктук миллиардер Алижан Ибрагимов коронавирустан каза болду

3 февраля 2021 10:36 4230 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ишкер, Кыргызстанда  “Граф” деген каймана аты менен таанымал Алижан Ибрагимов коронавирус илдетинен улам Бельгияда ооруканада көз жумду. Ал акыркы учурда Казакстандын жарандыгын алып, ошол жакта жашап келген. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал акыркы жылдары Нур-Султан шаарындагы Eurasian Resources Group компаниясынын ири акционери болгон.

Ишкер 1953-жылы 5-июнда Өзбекстанда төрөлгөн. Бирок, ишкер Кыргызстандын Токмок шаарында чоңоюп, жашап келген.  Ал үй-бүлөлүү, алты уулу бар. Кийинчерээк,  Казакстандын жарандыгын алып, Нур-Султан шаарында жашап, ишкердик менен алектенип жүргөн.

Маалым болгондой, ал коронавирусту Казакстандан жугузуп алып, Бельгияга дарыланууга кеткен. 

Айрым маалымат булактары, ишкердин сөөгү өзү чоңойгон Токток шаарында жерге берилерин кабарлашты.

Ссылка: https://barometr.kg/graf-kajmana-menen-belgil-tokmoktuk-milliarder-alizhan-ibragimov-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий