Депутат Кадамжайдагы “Рублевка” айылы тууралуу айтты

5 март 2020 10:29 931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов ага Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну кайрылып, айыл өкмөт башчысы анын 30 жылдан бери колдонуп келген бак-шактуу жерин башкаларга бөлүп берип койгонун айтканын билдирди.

“Үч-Коргон айылынын тургуну Мамыржан Эргашев кайрылды. Ал Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын үстүнөн арызданып жазып жатат. 30 жылдан бери ыңгайсыз жерге бак тигип жакшы жерге айландырган. Бирок айыл өкмөт башчысы андан эч кандай сурабай эле жерди жети кишиге бөлүп берип коюптур. Андан сырткары айыл өкмөт башчысынын мыйзамсыз аракеттерин бүт жазыптыр. Мисалы 100 гектар суулуу жерди, кайрак жерге айландырышып, ошол жерди элге сатып, бүгүнкү күнү ал “Рублевка” айылы деп аталып калыптыр. Карабайсыңарбы Үч-Коргондо ушундай айыл пайда болсо бул көп нерсени айтып турбайбы. Жөн эл ала албайт экен, акча бергендер гана алып жатыптыр”, — деди депутат.

Жамалдинов ошондой эле, бул ишти өкмөттүк деңгээлдеги комиссия түзүлүп, карап чыгып, акыйкат чечип чыгарып берүүнү өтүндү. Себеби, карапайым калктын кайрылуусу каралбай, текшерүүчүлөргө акча берип койсо эле алар кетип калып жатканын айтты.

Депутат жер сатууга айыл өкмөт башчылары көнүп, бизнеске айландырып алганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kadamzhajdagy-rublevka-ajyly-tuuraluu-ajtty



Добавить комментарий