Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы 4 ирет инсульт алган, ден соолугу начар

29 апрель 2019 13:21 4223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев улуу инсан Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира Раззаковага жана небереси Беркке жолугуп, ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты Фейсбуктун колдонуучусу Сайрагул Дуулатова бөлүштү

“Элмира эже Кыргызстанда болгон жанылыктарды угуп, окуп турат экен. Чек ара, мигранттар маселесине кейип, элибиздин жашоосу жакшырса деген тилегин билдирди. Элмира эжебиз 4 жолу инсульт алып, ден соолугу начар, дары-дармектин күчү менен эле жашайт. Жашоо-шарты албетте оор эле. Уулу Берк да иштебейт, майыптыгы бар. Тиллаев улуу инсандын урпактарына акчалай жардам берди жана Элмира эжебиздин жашоо-шартын жакшыртууга тийиштуу аракеттерди көрөрүн айтты. 2020-жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет”,-деп жазылган постто.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ishak-razzakovdun-moskvada-zhashagan-kyzyna-zholugup-al-abalyn-surady



Добавить комментарий