Депутат Сурабалдиева жардам алган жарандардын сүрөтүн жарыялабоого чакырды

18 апрель 2020 08:41 1905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депутат Эльвира Сурабалдиева Чүй областынын Сокулук районундагы дотациялык айыл өкмөттөрдө жашаган жарандарга 14 тонна ун таратып, жардам берди. Карантин башталгандан бери аталган райондун дарыгерлерине беткап бөлүнүп, нөөмөттүк унаа дайындалган. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

«Оор кырдаалда жардам алган адамдардын сүрөтүн жарыялабасак. Бул менин сунушум. Бүгүн бар, эртең жок, оомалуу - төкмөлүү заман дегенди билип, эртеңки күнү сенин сүрөтүңдү жарыяласа сүйүнөөр белең? Баарына чыдап жүргөн, намыскөй калкыбызды 30 жылда ушундай абалга жеткирген мамлекетте күнөө, ошондуктан бийликте отургандарга, бизге, мактана турган иш эмес. Бул илдеттен аман - эсен чыксак экен», - деди ал.

Депутат бул жолку жолугушууда  Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү жаштардын курч суроолоруна жооп берди. Орок айылында да эл чогулуп, коронавирус, пенсия, кредиттер, билим берүүдөгү жалпы кырдаал боюнча маселе көтөрүштү. 

«Айылдардын постторунда машинабыз дезинфекцияланып, жарандар менен таза абада маектешкенге жетиштик. Карантинде күнүмдүк оокат менен жанын багып жүргөндөр абдан кыйналды, мамлекет багып албаса, ишке чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Аны парламенттин келе жаткан жыйынында баардык эле депутаттар айтышаар», - деди Сурабалдиева.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-esurabaldieva-sokulukka-14-tonna-un-taratty



Добавить комментарий