Депутат: Эл арасында “мынабул жинди чалыш го” дебегидей кишилерди тандабасак бизге, депутаттарга сын жааганы жааган”

16 октябрь 2018 10:49 2464 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев малекеттик кызматтарга тапкерлерди тандап жатканда кадрларга дыкат көңүл буруу керектигин интернеттеги баракчасы аркылуу билдирди.

“Акыркы убакта четтеби, же чет жакка барганыбы, айтор чиновниктерибиз эмне болуп атканын көрүп атасыңар. Бул айрым ишенгендерибиз жөн гана кекиртекти тыйып, ошондой эле сергек акыл калчай албасын ачык көрсөттү. Биз, депутаттар үчүн чоң сабак болду жана болушу керек. Мындан ары талапкерди тандап жатканда буга чейинки ойду-келди жүрүм туруму, оргу-баргы сөздөрү бар-жогун, интеллектуалдык деңгээлин, саясий шоумендигин же эместигин кылдат караштырбасак болбойт. Кыйын кырдаалда же, кыңыр иши ачылып калганда мамлекеттин аброюн садага чаап жибербегидей, эл арасында “мынабул жинди чалыш го” дебегидей кишилерди тандабасак бизге, депутаттарга сын жааганы жааган” деп жазды депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореяда учакта жаңжал салган. Мунун артынан бир катар чиновниктердин мыйзамсыз иштеринин бети ачылып кызматынан бошотулган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-el-arasynda-mynabul-zhindi-chalysh-go-debegidej-kishilerdi-tandabasak-bizge-deputattarga-syn-zhaagany-zhaagan



Добавить комментарий