Депутат: “Башкы прокуратурасынын мурдагы имаратынын ордун Чыӊгыз Айтматовдун мемориалдык борборун куруу керек”
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордун Чыӊгыз Айтматовдун мемориалдык борборун куруу үчүн бөлүп берүү керектигин билдирди.
"Жакында залкар жазуучу Чыӊыгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленет. Маарекеге карата эл аралык иш-чаралар өтүүдө. Биз болсо ордо калаадагы бир көчөгө гана анын ысымын ыйгара алдык. Ошондуктан, Бишкек шаарындагы Башкы прокуратурасынын 2010-жылкы окуяда өрттөнүп кеткен имаратынын ордун Чыӊгыз Айтматовдун мемориалдык борборун куруу үчүн бөлүп берүү керек” деди эл өкүлү. Мунун менен катар эле «Кезинде Чыӊгыз Айтматов Көл кылаасындагы Бостери айылында маданий борбор курууга ниеттенген экен, тилекке каршы, ал тилеги ишке ашпай калган. Азыр андай борборду эмне үчүн курууга болбосун? Аны Бишкек шаарындагы Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен мурдагы имаратынын ордуна курса болот. Ага ошол жерди бөлүп берүү маселесин чечип берүү зарыл», - деди депутат. Белгилей кетсек, быйыл Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленет.
Добавить комментарий ×