Алайкууга 1,5 метр кар түшүп, жолдор жабылды

24 декабрь 2019 10:30 12804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оштун Алайкуу өрөөнүндө кардын калыңдыгы бир жарым метрге жетти. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев фейсбуктагы баракчасына жазды. Депутат кардын калыңдыганан Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабылганын билдирип, элди жол ачылганга чейин жолго чыкпай турууга чакырган.

“Бизге көнүк «жол азабы, көр азабы» башталды. Кечээ кечтен бери Кара-Кулжа - Алайкуу жолу жабык. Алайкууга, анын ичинде эң калың кар Сары-Бээ менен Кара-Ташка 1,5 метр кар түштү. Чалмадан ары жана Ой- Талдан бери эки техника иштеп жатат. ДЭУнун жетекчиси Бактыбек аке менен тез-тез сүйлөшүп жатам. Азыркы убакта жолдо 4 техника иштеп атат. Түндө Тамчыны ачышты, бирок шамал токтобогондуктан, кайра бурганак жолго кар учуруп жатат. Кечке чейин, буюрса, жол ачылат деп убада кылышты.
Жол ачылып бүтмөйүн жолго чыкпай турунуздар, туугандар!”, деп жазат депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/alajkuuga-15-metr-kar-tshp-zholdor-zhabyldy



Добавить комментарий