Депутат Дастан Бекешов жалгыз митингге чыкты
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Дастан Бекешов митингге чыкты. Бул тууралуу Бекешовдун соц тармактагы өздүк баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Ал плакат көтөрүп митингге жалгыз чыккан. Анан да “Вефа” соода борборунун жанында акцияга чыккан сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды. Депутаттын колундагы плакатта: “Insta stories. Биздин аймакка музыка качан жеткиликтүү болот”, – деп жазылган.
Сүрөткө күбө болгондор шайлоо учурунда саясий көйгөй эмес музыканы көтөрүп чыгуусун катуу талкууга алышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-dastan-bekeshov-zhalgyz-mitingge-chykty
Добавить комментарий ×