Депутат: дарыгерлерди коронавирус жукту деп каттап, берилчү компенсацияны бөлүп алабыз деген топтор пайда болду
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мамлекетке кыянаттык кылган топтор пайда болгонун айтты.
Депутаттын айтымында, алар дени сак эле дарыгерлерди коронавирус жукту деп каттоого алып, бериле турчу компенсацияны бөлүп алууну сунуштап жатышат
“Бир топ дарыгерлерге кайрылып, “силерди коронавирус менен ооруду” деп каттап, 200 миң сомдун 100 миңин силерге, 100 миңин биз алабыз деген топтор пайда болуптур. Ушундай элге душмандык кылгандарды токтотутуп, укук коргоо органдарына тапшырма берүү керек”, — деди депутат.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу башка оорудан каза болгон бейтаптарды коронавирустан каза болду деп каттоого алалы деп маркумдардын жакындарына кайрылгандар болуп жатканын билдирген болчу.
14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 248 медкызматкерге жукканы тастыкталды. Алардын ичинен 192 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Добавить комментарий ×