Депутат Субанбеков Жайыл районундагы дарыгерлер менен милиционерлерге коргоочу каражаттарды берди

13 апрель 2020 16:52 646 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал маалында Жайыл районуна жана Кара-Балта шаарына жалпы суммасы бир миллион сомду түзгөн гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди

Бириккен аймактык ооруканасына 1000 медициналык колкап, 900 медициналык беткап, 110 литр антисептик жана 30 мүшөк ун берилди.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 1000 медициналык колкап, 400 медициналык беткап, 30 литр антисептик жана 30 мүшөк ун берилди.

Муну менен катар, Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жардамга муктаж болгон 800 үй-бүлөгө ун жана май таратылды.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bsubanbekov-zhajyl-rajonunun-zhana-kara-balta-shaarynyn-salamattykty-saktoo-mekemesine-gum-zhardam-berdi



Добавить комментарий