Депутат Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасын обсервация катары колдонууну сунуштады

24 март 2020 16:11 1572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кезексиз жыйында Бишкектин чок ортосундагы кыргыз-түрк ооруканасы эмнеге колдонулбай турганына кызыкты.

“Шаардын так ортосунда Фучик көчөсүндөгү заңгарыган кыргыз-түрк ооруканаса эмнеге бош турат. Толугу менен жабдылган. 2016-жылы пафос менен ачтык эле. Миллион доллар кетирилген. Эмнеге аны обсервация катары колдонбойбуз?” — деп ал суроо салды.

Депутат ошондой эле, Бишкектин чет жакасынан келип иштеген дагырлер менен милиция кызматкерлерине шарт түзүү керектигин айтты.

“Айрым дарыгерлер Бишкектин чет-жакасынан келип келип иштеп жатат. Коомдук транапорт ал жактарга толугу менен токтотулду. Алар оорканада түнөп жатышат. Ушундай эле кырдаал милиция кызматкерлеринде да бар”, — деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bishkektegi-kyrgyz-trk-oorukanasyn-observaciya-katary-koldonuunu-sunushtady



Добавить комментарий