Депутат башка оорудан каза болгондорду дарыгерлер “коронавирустан өлдү” деп каттап жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу инсульт, инфарк сыяктуу башка оорудан каза болгондордун туугандарына дарыгерлер келип акча сунуштап “коронавирустан каза болду” деп жазып бергиле деп жаткан учурлар бар экени элде айтылып жатканын билдирди.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов андай маалыматы жок экенин айтты.
“Бизде андай маалыматтар жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби бул жерде лабораториялык ыкма менен коронавирус деп далилденгенден кийин гана диаогноз коюлат”, — деди министр.
Ал эми премьер Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустан каза болгон катардагы жарандардын жакындарына мамлекет тарабынан эч кандай материалдык колдоо жок экенин айтты.
“Ошондой дианоз менен каза болгондорго мамлекет тарабынан эч кандай кепилдик каралган эмес. Каза болгон киши жайына коюлуп жатат. Бул жерде финансылык жактан пайда таба турчу деле негизи жок. Муну териштирели, биз дагы уктук”, — деди Абылгазиев.
Добавить комментарий ×