Депутат Бала бакчаларда сливочный майдын ордуна маргарин май берилип жатканын айтып, буга көңүл бурууга чакырды
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова бала бакчалардагы берилип жаткан тамактардын сапатына көңул бурууга чакырды.
“Бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын ата-энесинен көп кайрылуулар келип жатат. Өзгөчө мындай көйгөй Бишкек шаарындагы бала бакчаларда орун алууда. Бала бакчаларга эт, сүт сатып алууда тендер боюнча мыйзам бузуу фактылары катталып жатат. Азык түлүктөрдүн сапаттарын аныктоочу документтери ветеринардык күбөлүктөр жасалма болгондуктан, сатылып алынган азыктар талаптарга жооп бербейт. Сливочный май деп алып келген майдын ордуна маргарин май берип жатышат. Биздин балдар маргарин май жеп жатканы сиздерди да кайдыгер калтырбаса керек. ОсОО “Даамду сүт”, ОсОО “Ак белек”, “Каракол сүт” деген Бишкекти манополия кылып басып алыптыр. Канча жылдан бери тендерде ушулар гана утат экен. Сливочный майдын ордуна маргарин майды беришет экен”-деди депутат.
Добавить комментарий ×