Депутат Алтынбек Жунус уулу: "Мектептерде акча чогултуу кайра башталдыбы?"
Өткөн жылдын соңунда Билим берүү министрлиги мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча бир топ алгылыктуу чараларды көрө баштаган болчу. Тилекке каршы, жаңы жылдан тарта ошол жаман өнөкөт кайра башталыптыр. Азыр ата-энелерден кайрылуулар түшүп жатат. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Ушу тапта мектептердин жетекчилери окуу жайдын абалы абдан начар деген шылтоо менен, ата-энелерди кыйнап акча чогултуп жатыптыр. Ушинтип арабөк жүрө беребизби? Өкмөт мектептерде акча чогултуу өнөкөтү боюнча өзүнүн так позициясын билдириши керек. Ансыз бул маселенинин биржаңсыл чечилиши кыйын болуп калды», - деп кошумчалады депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-altynbek-zhunus-uulu-mektepterde-akcha-chogultuu-kajra-bashtaldyby
Добавить комментарий ×