Депутат Алтынбек Сулайманов аялдарга кол көтөргөн эргулдарга: келгиле эркекче сүйлөшөбүз
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 8-мартта Бишкекте кыз-келиндердин акциясы учурунда аларга жасалган мамиле боюнча өз оюн айтып, видео кайрылуу жасады. Аны Facebook баракчасына жарыялады.
Депутат качан гана кыргыздын жигиттери башына калпак, бетине беткап кийип алсыз аялдарга көл көтөрчү эле деди.
“Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап сабады эле!? Бул - жапайычылык, бул - сабатсыздык, бул - алсыздык. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү – бул алсыздык. Ошолорду жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтканга оозум барбайт. Кыйын болсоңор, бет кабыңарды чечип, келгиле. Сүйлөшөлү!" — деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, 8-мартта Бишкектеги Жеңиш аянтында аялдардын эл аралык күнүнө карата акция өтүп, милицияга ага чыккандардын айрымдарын кармаган. Жыйынтыгында милицияга 11 киши жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек.
Андан сырткары беткап тагынып, калпак кийген белгисиз кишилер митингге чыккандарды колунан толгоп, аларга орой мамиле кылышкан.
Добавить комментарий ×