Депутат Сулайманов ӨКМге химиялык коргоочу 1000 даана L1 костюмдарын тапшырды

3 апрель 2020 12:33 1441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кезектеги гуманитардык жардамды кабыл алды. Бул тууралуу  КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 1000 даана L1 химиялык коргоочу костюмдарды КР Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровго тапшырды.  

Бул гуманитардык жардам катары келген атайын коргоочу кийимдерди тапшыруу иш-чарасы Чүй облусундагы КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда орун алды.

“Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу учурда күнү-түнү күзөттөрдө санитардык-карантиндик жана блокпосттордо иш алып барып жаткан  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, ички иштер, медицина кызматкерлерине берилет», -деди Аскаров. 

Эскерте кетсек, буга чейин Республикалык штаб тарабынан КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  стационардык посттордо турган тартип сакчыларын,  медицина кызматкерлерин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин коргоочу костюмдар камсыздоо тапшырмасы коюлган. Буга ӨКМ тарабынан 1000ге костюмдар тигилип, өз убагында таркатылып берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-sulajmanov-1000-daana-l1-himiyalyk-korgoochu-kostyumdardy-tapshyrdy



Добавить комментарий