Депутат: Айылдар таза суу менен камсыздалбай жатканы “Ала-Тоо булагынын” жетекчисинин шалаакылыгы

11 октябрь 2018 12:00 1048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин бугүнкү жыйынында   айылдарды таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү да көтөрүлдү. 

Депутат Каныбек Иманалиев өлкө аймагы боюнча жүздөгөн айылдар таза суу менен камсыздалбай жаткан маалда бул багытта иш алпарган “Ала-Тоо булагы” долбоору үзгүлтүккө учуроо коркунучу тургандыгын көтөрүп чыкты. Анын айтымында, долбоордун жетекчисинин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы айтор, буга чейин ишке ашырылып келаткан долбоорлорду каржылоо токтоп, 14 млрд сомдук иш үзгүлтүккө учураганы жатат. Буга байланыштуу жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадрлар иш таштап жатканы дагы бекеринен эмес. Эл өкүлү эл аралык уюмдар аталган долбоору каржылоодон баш тартышы мүмкүндүгүн чечмелеп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajyldar-taza-suu-menen-kamsyzdalbaj-zhatkany-ala-too-bulagynyn-zhetekchisinin-shalaakylygy



Добавить комментарий