Депутат: Айыл өкмөттөр Өкмөттүн өгөй баласына айланып калды беле?
Быйыл Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети «Кыргызтелеком» компаниясы менен бирге алыскы аймактарга оптикалык-волокно байланышын тарта баштады. Мейли, «Кыргызтелеком» мамлекеттин үлүшү бар ишкана катары салыктан бошотулган. Бирок, «ЭлКат», «Альфа Телеком», «РСТ», «Скай Мобайл» сындуу жеке менчик компаниялар ушул кезге чейин жергиликтүү бийлик органдары менен жер боюнча ижара келишимин түзө элек. Бул тууралуу Эрмамат Тагаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Жеке менчик компаниялар ар түркүккө 30 сомдон төлөөгө тийиш. Ошондон улам, Улуттук энергохолдинг компаниясына миллиондогон каражат түшүүдө. Эмне, Улуттук энергохолдинг компаниясы Өкмөттүн өз баласына, ал эми айыл өкмөттөр өгөй баласына айланып калды беле? Өкмөт түшкөн каражатты аларга тең бөлүп бериши керек. Ансыз калыстыктан тайган болот. Мындай чаралар айыл өкмөттөрүнүн дотациядан чыгышына өбөлгө түзөт», - деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajyl-kmttr-kmttn-gj-balasyna-ajlanyp-kaldy-bele
Добавить комментарий ×