Депутат Айтмамат Назаров “Улуттук энергохолдинг” компаниясына жетекчи болуп дайындалды

23 май 2019 15:17 5318 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров “Улуттук энергохолдинг” компаниясына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн парламентте белгилүү болду.

Ал парламентте компаниянын абалы ыйлаарлык абалда экендигин белгилеп, жылдык чыгашасы 3 млрд.дан 9 млрд. сомго чейин экендигин, тышкы карыздары 100 млрд. сом экенин жана бул кызмат ага чоң сыноо болорун айтты.

Назаровдун пикиринде энергетика тармагы реформага муктаж. Ал бул реформаларды туура менеджменттик жол менен ишке ашырууга, кыска мөөнөттүн ичинде, 1,5 жылда карыздан чыгарууга, тармакты оптимизациялаштырып, төлөм системасын цифралаштырууга даяр экендигин билдирди.

Айтмамат Назаров депутаттык мандатын тапшырды. Эми анын ордуна депутат болуп кийинки тизмеде турган Айнура Аскарова депутаттык мандат алат. Аскаровага мандат кийинки жумада берилиши мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajtmamat-nazarov-uluttuk-energoholding-kompaniyasyna-zhetekchi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий