Депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңешке насвай алып келди
Кыргызстанга Индиядан аткезчилик жол менен насвай алып келинип жатат. Бул тууралуу депутаты Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты. Алтыбаева насвайды ала келгенин, ал жөн гана эмес, кооз таӊгакталып, “Рахат алыӊыз!” деген жазуусу бар экенин депутат айым белгилейт.
Бул аткезчилик жол менен келгенин, чек арада демек көзөмөл да док экенин Алтыбаева билдирди.
“Бул насвай пакети жөн эле кооз пакет эмес, деп бадырайта жазганына караганда, адамдарды насвай чегүүгө үндөп жатат. Эгер биз жарандарыбыздын саламаттыгына чындап эле кам көрөлү десек, анда насвайга да, биз тамекиге да, алкоголдук ичимдиктерге тыюу салган мыйзам кабыл алып, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Ансыз мындай көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын”, - деди депутат.
Айнуру Алтыбаева ошондой эле азыркы күндө өспүрүм кыздар да насвай чегип, тамеки тартып жатканын кошумчалап, бул көрүнүш келечек муундун ден соолугу үчүн зор сокку деп белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajnuru-altybaeva-zhogorku-keeshke-nasvaj-alyp-keldi
Добавить комментарий ×