Депутат Айнуру Алтыбаева эки колунан ажыраган жоокерге жардам берүүнү сунуштады
Токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлдү. Депутат Айнуру Алтыбаева учурда тагдырдын оор сыноосу менен күрөшүп жаткан жоокерге жардам берүүнү сунуш кылды.
"Парламентте Ата Мекенди сүйүү, коргоо жөнүндө көп айтабыз. Жакында патриот жигитибиз Руслан Сапарбаев кызмат учурунда ток уруп эки колунан ажырап, азыр протезге акча жок. Жөнөкөй жарандар 200 мин сомду араң топтошуптур. Келгиле биз дагы жардам берип бир күндүк айлыгыбызды которуп берели", - деди депутат.
Белгилей кетсек, 19-август күнү Майлуу-Суу шаарында аскер кызматкери трасформатордон токко урунуп, эки колунан ажыраган.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-ajnuru-altybaeva-eki-kolunan-azhyragan-zhookerge-zhardam-bern-sunushtady
Добавить комментарий ×