Депутат Аида Касымалиевадан коронавирус табылган жок
Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары Аида Касымалиевадан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу депутат өзү билдирди.
“Анализдин жыйынтыгы боюнча, коронавирус табылган жок. Кийинки анализ дагы бир жолу 10-12-күнү жасалат”, — деп жазды ал.
Эске салсак, Аида Касымалиева баштаган эки депутат Германияга сапарга барып кайтышкан.
Эске салсак, Касымалиева жана депутат Абдыбек Дюшалиев 8-мартта Берлинге барышкан. Бирок ал жакта коронавирустан улам абал кыйындап кеткендиктен кайта Кыргызстанга тезинен кайтууну чечишкен.
Депутаттар Бишкекке келери менен карантинге алышты.
Касымалиева эми өзүн жакшы сезип жатканын, жөтөл жана дене табы көтөрүлбөгөнүн айтып, карантин мезгили аяктаганга чейин үйдөн иштей турган болду.
Белгилей кетсек, Казакстанда Германиядан кайткан кишилерден коронавирус табылган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-aida-kasymalievadan-koronavirus-tabylgan-zhok
Добавить комментарий ×