"Дем ала албай келген": Ольга Бузова кабыргалары сынып, ооруканага түштү

2 декабрь 2020 17:09 1818 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер орусиянын белгилүү ырчы, алып баруучусу Ольга Бузованы ден соолугуна кам көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Rambler агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Дарыгердин айтымында, Бузова Биринчи канал уюштурган «Ледниковый период» долбооруна катышып жатып, кабыргаларын сындырып алган.

«Ольга бизге келгенде, дем ала албай калган. Биз аны шашылыш рентгенге жибердик. Анан, рентгенден анын эки кабыргасы сынганын билдик", - деди дарыгер.

Адистердин айтымында, эгер Ольга Бузова дарыгерлердин кеңешине кулак төшөбөй, аталган шоуга кайра чыкса, кабыргалар өпкөнү оңой тешип кетиши мүмкүн, андан кийин анын кесепети дагы кейиштүү болорун эскертишүүдө.

Ошону менен катары эле, Бузова тез арада физикалык активдүүлүктү төмөндөтпөсө, өз өмүрүн тобокелге салып жатканын айтышты.

Эске салсак, «Ледниковый период» шоусунда Ольга Бузова көркөм муз тебүү боюнча Олимпиада чемпиону Дмитрий Соловьев менен жуп болуп чыгып жатышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/dem-ala-albaj-kelgen-olga-buzovaga-eki-kabyrgasy-synyp-oorukanaga-tshkn



Добавить комментарий