Дастанбек Жумабековдун демилгеси менен «Арал» кафеси стационарга берилди

6 июль 2020 17:11 3278 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун демилгеси менен «Арал» кафеси күндүзгү стационарга берилди. Бул тууралуу Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков шилтеме берип «Барометр» билдирди.

«Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кенешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун демилгеси менен биздин үй-бүлөбүзгө тийиштүү Арал кафесин (Кызыл-Аскер) күндүзгү стационарга берилди», - деди Талас шаардык кеңешинин төрагасы.

Учурда аталган кафеде Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте даярдык иштери жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин төрагасы менен биргеликте депутаттар Канат Исаев, Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Руслан Чойбеков аталган стационарга кеткен чыгымдарды көтөрүп жатышат.

«Эгерде Талас областында абал курчуп кетсе, биздин үй-бүлөбүзгө тийиштүү Талас ресторанын дагы күндүзгү стационарга берүүгө даярбыз», - деп кошумчалады Жусупбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/dastanbek-zhumabekovdun-demilgesi-menen-aral-kafesi-stacionarga-berildi



Добавить комментарий