Дастан Жумабеков: "25 жылдан бери каралбаган жөлөк пул мыйзамды биз ишке ашырдык"

30 июнь 2018 04:00 1321 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

"25 жылдан бери каралбаган жөлөк пул мыйзамды биз ишке ашырдык"-деп билдирди парламент спикери Дастанбек Жумабеков бүгүн Жогорку Кеңештин бир жылдык иши тууралуу журналисттерге берген маалыматы учурунда. "Мамлекеттик жөлөк пул мыйзамында тартыштыктар болгон, оңдоо түздөө иштери менен ондоп бердик. 25 жылдан бери социалдык тармакка орчундуу мыйзам кабыл алынбаптыр. Биз ал мыйзамды кабыл алдык, азыр ар бир үй-бүлөгө 4-5 экенине карабай 4000 сом өлчөмүндө сүйүнчү пул берилет"-деп белгиледи. Анын айтымында Жогорку Кеңештин 5 сессиясында орчундуу 124 мыйзам кабыл алынып, анын 108не президент кол койгон. 615 ке жакын токтом кабыл алынып, элдерден келген арыз, талаптар канааттандырылган. Президенттик шайлоо таза өтүп, башка өлкөлөрдүн байкоочулары өз баасын берип кетишкен. 

Баарыңыздар билгендей быйыл орчундуу шайлоо болду. Бул шайлоонун өтүшү Кыргызстан эмес башка мамлекеттерге да абдан кызыктуу болду. Анткени алар таза шайлоо болгонуна таң калышты. Бир адам бир добуштун ээси болгонун тастыктап бердик. Эл аралык абройлуу уюмдар баасын берип кетти. Ушуну менен демакратиялык өлкө экенибизди далилдеп алдык. Бирден бир орчундуу маселе ЖЭБ боюнча комиссия түзүлүп, жыйынтыгын кандай бүткөндүгүн көрдуңүздөр. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына караштуу 30 батирлүү үй бар. Бүгүнкү күндө бул батирлерде он бешке жакын депутат жашайт. Алар аймактардан келген, Бишкекте турак жайы жок депутаттар. Мурда айыл өкмөт же мугалим болуп иштеп келген депутаттар бар. Ошолорго кызматтык үй берилип, колдонуп жатышат. Бул чындык. 2015-жылы биз токтом кабыл алып, автоунаадан жана бир жардамчыбыздан баш тартканбыз. Бирок кызматтык батирден баш тартуу болгон эмес. Ал токтомго кирген эмес.

Спикер мындан сырткары журналисттердин суроолоруна жооп берип, айрым маселелерге токтолду. 


Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov25-zhyldan-beri-karalbagan-zhlk-pul-myjzamdy-biz-ishke-ashyrdyk



Добавить комментарий