Дастан Жумабеков: "Жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр депутат болсун дегенге каршымын"

20 ноябрь 2019 13:25 5881 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат боло алат деген нормага каршы экенин парламенттик жыйында билдирди.

 "Мен каршымын буга. Айылда мындай талап кереги деле жок, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде жүрөт. А айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер болсо ал эмне үчүн депутат боло албасын? Алардын укугун чектеген болуп калат", - деди.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр талкууланууда.

 Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Акылбек Жапаров төраганын суроосуна жооп берип, айылда жогорку билимдүүлөр жок дегенге макул эместигин билдирди.

 "Бүгүнкү күндө жогорку билим алам деп аракет кылып жүргөн балдарыбыздын саны 220 миңден ашуун. Айылда жогорку билимдүү бир топ балдар бар деп айта алабыз, статистикасын алып келип берели. Бирок сиздин сунушуңузду экинчи окууга киргизебиз, анткени «билимине карабай шайланууга укуктуу» деген конституциялык норма бар", - деп билдирди Жапаров.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov-zhergilikt-keeshke-zhogorku-bilimdlr-deputat-bolsun-degenge-karshymyn



Добавить комментарий